ӨНҮМДҮН КООПСУЗДУГУ БОЮНЧА КАЙТАРЫП АЛУУ

Тиешелүү:

zwilling-enfinigy-kettle

ZWILLING ENFINIGY
ЭНФИНИДЖИ суу кайнаткычы (1,5 л)

zwilling-enfinigy-kettle-pro

ZWILLING ENFINIGY
ЭНФИНИДЖИ Про (Pro) суу кайнаткычы (1,5 л)

23.03.2026

Цвиллинг (Zwilling) брендинин ЭНФИНИДЖИ (ENFINIGY) суу кайнаткычы (1,5 л) жана ЭНФИНИДЖИ Про (ENFINIGY Pro) суу кайнаткычы (1,5 л) моделдеринде туткасы айрым учурларда бошоп кетиши же сынып түшүп калышы мүмкүн. Бул ысык суунун көзөмөлсүз төгүлүп кетишине алып келиши мүмкүн. Ошондуктан колдонуучулар же жанында турган адамдар күйүп калуу коркунучуна дуушар болушу мүмкүн.

Сапаттуу бренд катары, биз, Цвиллинг (Zwilling) компаниясы, продукцияларыбыздын коопсуз болушун жана кардарларыбыздын канааттануусун камсыздоого милдеттүүбүз. Ошондуктан, суу кайнаткычтарды кайра чакыртып алууну чечтик. Албетте, сиздин акчаңыз кайтарылып берилет. Бир учурда экинчи даражадагы күйүк жаракаттары катталган.

МААНИЛҮҮ: Зыянын тийгизген кайнаткычтарды дароо колдонбоңуз жана биз менен кечиктирбестен байланышыңыз.

Бул максатта сизге төмөнкү варианттар сунушталат:

• URL: zwillingkettlerecall.expertinquiry.com
• E-mail адреси: kettle-recall@zwilling.com
• Кызматтык телефон: +44 20 8834 9582

Бул маалыматты суу кайнаткычыңызды колдонгон же колдонушу мүмкүн болгон бардык адам-дарга дароо жеткириңиз. Ошондой эле бул билдирүүнү башка адамдарга, айрыкча сиз билген жана ЭНФИНИДЖИ (ENFINIGY) суу кайнаткычын (1,5 л) же ЭНФИНИДЖИ Про (ENFINIGY Pro) суу кайнаткычын (1,5 л) карызга алган, сатып алган же берилген адамдарга маалымдоону камсыз кылыңыз.

Бул көйгөй сизге тийгизген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз жана түшүнүгүңүздү күтөбүз.

ЦВИЛЛИНГ (ZWILLING) Джей Эй Хенкельс АГ